Жагымдуу күздүн кирип келишинде, күжүрмөн элибизге көңүлдүү маанай тартуулоо максатында, «Ботаника багында» биздин биринчи масштабдуу иш-чара болуп өттү.
Биз келген конокторго табият койнунда «Түн ортосундагы күн» кинотасмасынын жана «Синбад: Жети деңиздин дастаны» мульттасмаларынын кыргыз тилине которулган чыгарылышын тартууладык.
Конокторубуз аябай кызыгуу менен көрүп олтурушту жана бул нерседен биз дагы да алдыга умтулуубузга күч жыйнадык.
Биздин өнөктөштөр @shorokgz компаниясы, @toyboss.kg маркасы, @bugupress басма үйү жана колдоо көрсөткөн мекемелер @botanica.kg, @archain.kg.
Сиздерге чоң ыраазылык билдиребиз!
Жагымдуу маанай үчүн @azizaboronbaeva‘га чоң алкыш!💛
Биз бардыгыңыздарды жакшы көрөбүз.
Келгениңиздер үчүн чоң рахмат! Кийинки көрүшкөнчө!
